Коом

5-мартта айрым конуштарда суу өчүрүлөт

Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында 2026-жылдын 5-мартында саат 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суунун берилиши токтотулат. Өчүрүү «Ала-Тоо» суу алуучу жайында жүргүзүлө турган авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, суу турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде болбойт.

Бишкекводоканал муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button