Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында 171 объект ишке ашырылды

Бишкекте Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС тарабынан Кыргыз Республикасынын (КР) Министрлер Кабинетинин колдоосунда ишке ашырылган Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.
Иш-чарага КР Президентинин аппаратынын өкүлү Бакыт Сыдыков, КРнын Каржы министринин орун басары Руслан Татиков, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым-укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви, райондук администрациялардын башчылары жана өнөктөштөр катышты.
Аталган долбоор Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана коомчулуктарды өнүктүрүү, айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин азайтуу максатында ишке ашырылган.
Конференцияда белгиленгендей, долбоордун алкагында бардыгы болуп 171 объект, анын ичинен:
- Чүй облусунда: 180,4 млн. сомго 46 объект;
- Талас облусунда: 153.1 млн сомго 40 объект;
- Нарын облусунда: 146,3 млн сомго 47 объект;
- Ысык-Көл облусунда: 210,5 млн. сомго 38 объект ишке ашырылган.
Тактай кетсек, 1 мектеп курулуп, 37 мектеп капиталдык оңдоодон өткөн. Ошондой эле 13 бала бакча курулуп, 38 бакча капиталдык оңдоодон өткөн. Саламаттыкты сактоо тармагын алсак, 18 ФАП/ҮДТ курулган жана 17 объект капиталдык оңдоодон өткөн. Мындан тышкары, 12 спорттук багыттагы объект курулган.
Ошондой эле, айыл тургундарына дараметин жогорулатуу максатында 1552 тренинг өткөрүлүп, аларга 43 660 адам катышкан.



