Коом

Олуттуу себептерден окуй албай жаткан балдарга “Электрондук мектеп” ачылышы мүмкүн

Кандайдыр бир олуттуу себептерден улам аралыктан окууга мажбур болгон балдар үчүн “Электрондук мектеп” ачуу каралып жаткандыгын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева билдирди.

“Мындай класс ачуу үчүн канча каражат сарпталарын эсептеп чыктык. Идея абдан жакшы, башкача айтканда, бул атайын камералар, микрофондор жана башка атайын жабдуулар менен жабдылган класс болот. Ал жерде аларга онлайн сабак бере турган мугалим болот”, – деди ал.

Бир класска 15тен 25ке чейин бала кабыл алып, алар менен аралыктан иштөө пландаштырылууда.

Умралиеванын маалыматына таянсак, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик 2 миңге жакын бала билим алган эмес. Арасында эмгек мигранттарынын балдары да бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button