Коом

Ири өлчөмдө акча алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына шаардык тургун арыз менен кайрылып, анда 2024-жылдын августунда ишенимге кирип, Бириккен Араб Эмиратынан «Lexus GX-460» үлгүсүндөгү автоунаа алып, жеткирип берүүнү убада кылып, 29 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча алып качып кеткен Б.Б. аттуу жаранга чара көрүү жөнүндө кайрылган.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн чаралар менен Б.Б. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө тандалды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, анын алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде Б.Б.нын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, кийинки номерлер боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылууңуздарды суранабыз 0703 91 36 80, 0777 01 17 84.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button