Коом

УКМК: «МегаКомпани» бажы терминалынын айланасында мыйзамсыз иштер аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, акыркы күндөрү социалдык тармактарда айрым маалымат агенттиктери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында жайгашкан, буга чейин КР Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтобүбү Оргалчага таандык болгон “МегаКомпани” компаниясынын бажы терминалынын айланасында видео тасмалар тарап жатат.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айында аталган «МегаКомпани» ЖЧКсынын ишинин мыйзамдуулугун жана жер тилкесин алуунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында терминал «Талдык» дарыясынын жээгинде суу коргоочу зонанын аймагында курулгандыгы, ошондой эле ал жерде эч кандай уруксат берүүчү документтери жок капиталдык курулуш тургузулгандыгы аныкталды.

Ал эми ижара келишиминин шарттарына ылайык, ижарачы алынган аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү менен алектениши керек болгон, бирок ал иштер аткарылган эмес.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын алкагында төмөнкү даректе жайгашкан: Ош облусу, Кара-Суу району, Ак-Жар айылы, Ак-10, 62, 62а контурлары, жалпы аянты 7,49 гектар жер тилкеси КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлдү. Жер тилкелеринин болжолдуу баасы 520 миллион сомдон ашык. Учурда терминалдын өзүнүн мүлкүн өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат, алдын ала эсептөөлөр боюнча бул кошумча 54 миллион сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган жер тилкесин «МегаКомпани» ЖЧКсы пайдаланган учурда бюджетке салыктык чегерүүлөр түрүндө гана аз өлчөмдө сумма түшүп турган, ал эми жер тилкеси «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөндөн кийин, үстүбүздөгү жылдын 3-мартынан ушул күнгө чейин ишкананын пайдасына 22 млн.188 миң 500 сом түшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button