Коом
Бишкекте Курман айт намазы эски аянтта окулат

27-май күнү Бишкекте Курман айтка карата майрамдык намаз Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Программа төмөнкүдөй:
Саат 6:30да — жамааттын чогулуусу, даярдык жана баяндар;
Саат 7:30да — майрамдык Айт намазынын башталышы.
Ачык коомдук аянттарда иш-чара өткөрүүгө борбор калаада гана уруксат берилди. Өлкөнүн башка бардык аймактарында майрамдык намаздар жергиликтүү мечиттердин ичинде окулат.
Эске салсак, акыркы жылдары коопсуздук себептеринен улам борбор калаада майрамдык намаздар мечиттерде гана өткөрүлүп келген. Бирок быйыл бийлик ачык асман алдында өткөрүүгө уруксат берип, 20-марттагы Орозо айт намазына дээрлик 100 миң адам катышкан.
Кыргызстанда Курман айт майрамы расмий эс алуу күнү болуп эсептелет.



