Маданият

“Өч 2” көркөм тасмасынын өлкө аймагында жүгүртүүсү токтотулду

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алып, «Өч 2» көркөм тасмасы өлкө аймагында жүгүртүү токтотулду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлады.

Маалыматына ылайык, аталган көркөм тасма атайын комиссия тарабынан талдоодон өтүп, анда зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн көп экени аныкталган.

«Тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык мааниге ээ элементтер жетишсиз. Комиссиянын корутундусуна ылайык, бул тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, өзгөчө жаштарга психологиялык жана моралдык жактан терс таасир тийгизиши мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу «Кыргызтасмасы» мекемесинин директору Алмаз Тулекеев кызматынан бошотулганы да маалымдалды.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button