Коом

Унаалардын айнектерин караңгылоого уруксат берүүдөн 70 млн сомго жакын каражат республикалык бюджетке түштү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси эскертет: 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылоого уруксат берүүнү каттоо процедурасы башталды.

2022-жылдын 8-августуна карата 864 уруксат берүүлөр катталып, республикалык бюджетке 69 740 000 сом түштү.

Уруксатты каттоого ниеттенген баардык адамдар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт же ишеним кат менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө же секторуна кайрылса болот. Каттоо процедурасы 30 мүнөттөн ашпайт.

Уруксат берүүнүн наркы:

—              жеке адамдар үчүн — 80 миң сомду,

—              юридикалык жактар үчүн — 100 миң сомду,

—              резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.

Муну менен бирге маалымдайбыз: социалдык түйүндөрдө жазылгандай уруксатты азыраак наркы менен каттоо жөнүндө бардык жарыялар чындыкка жатпайт. Буга байланыштуу алдамчылардын кылыктарын жокко чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси уруксатты каттоодо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрүнө жана секторлоруна гана кайрылууга чакырат, — деп билдирди “Унаа” МИ Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button