Коом
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда миллиард сомго жакын каржылык бузуулар аныкталды

Эсеп палатасы аталган фонддун 2022-жылдагы ишине аудит жүргүзүп, 75 мыйзамдык жана укуктук ченемдик актыларды бузганын аныктаган.
Бузуулардын жалпы көлөмү 964 млн 782,7 миң сомду түздү. Анын ичинен 1 млн 20,8 миң сом аудит убагында калыбына келтирилсе, 124 млн 23,5 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш.
Эске салсак, фондду бул убакта мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров жетектеп турган.



