Токмокто ишкерлерден акча өндүрүү боюнча коррупциялык схема ачыкталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга жана опузалап талап кылууга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын алкагында Токмок шаарынын ишкерлеринен системалуу түрдө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалап талап кылуу боюнча мыйзамсыз схема аныкталды.

Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган жеке жактоочу Ц.Д.В. белгисиз адамдардын жардамы менен Токмок шаарында ар кандай имараттарды жана объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген. Тактап айтканда, ишкерлерге Ички иштер министрлиги, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутуулар айтылып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.

15-май күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылынган 15 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Ц.Д.В. кармалды.
Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Ц.Д.В. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


