Коом

УКМК: Камчыбек Ташиев МКК — УКМ — УКК — УКМКнын ардагерлери менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев МКК- УКМ- УКК- УКМКнын ардагерлери менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушууда атайын кызматтын башчысы өлкөдөгү реформалардын жүрүшү, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жеке жактардын, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча УКМКнын ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу ардагерлерге кыскача маалымат берди. Ошондой эле төрага өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн толугу менен жок кылуу, коррупцияны жоюу, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди (завод-фабрикалар, имараттар, жер тилкелери ж.б.) мамлекеттин менчигине кайтаруу, өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да кошумчалады.

Аны менен катар жолугушууда аймактык жана эл аралык аскердик-саясий кырдаал, КМШ, ЖККУ, ШКУ ишмердүүлүгүнүн алкагында коопсуздук органдарынын өз ара аракеттенүүсү, коңушулаш жана стратегиялык өнөктөштөр менен азыркы учурдун чакырыктарын жана коркунучтарын биргелешип жеңүү жолдору талкууланды.

УКМК төрагасы жаңы Кыргызстанды курууда, элдин жыргалчылыгын жогорулатууда жана эл аралык саясатта өлкөнүн татыктуу ордун камсыз кылууда коопсуздук органдарынын, башка күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин дараметинин, коомдук уюмдардын жана кошуундардын, бейөкмөт уюмдардын кошкон салымынын ролун жана маанисин белгиледи. Аны менен катар атайын кызматтын башчысы мамлекет эмгек ардагерлерине – мугалимдерге, инженерлерге, дарыгерлерге, илимпоздорго, карапайым кызматкерлерге карызы чоң экенин айтып, аларды татыктуу социалдык камсыздоо мамлекеттин милдети экендигин баса белгиледи.

Соңунда УКМК башчысы К.К.Ташиев ардагерлердин урматына түшкү тамак берип, алардын күжүрмөн эмгеги жана активдүү жашоо позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button