Коом

Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Оренбургга гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Россиянын Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирет. 20 жүк ташуучу фурадан турган «Жардам кербени» 20-апрель күнү жолго чыгат.

Гумжардам элге эң керектүү тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button