Коом

“Жигиттер чыгымга учурап жатат”. Депутат 14-февралга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев 14-февралда Валентин күнүн белгилөөгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул күнү жигиттер чыгымга учурап,  түгөйлөрдүн ортосунда келишпестиктер жаралууда.

«Бул иблистин, шайтандын майрамы. Канчалаган жаштар жаман иштерге барышты, канчалаган жигиттердин чөнтөгүнө зыян болду. Сүйүшмөк тургай, «сен мени куттуктабайсың» деген уруш талаштар болду. Мен 2001-жылдын 14-февралында үйлөнгөнмүн, Валентин күнүнүн «в» тамгасы дагы жок болчу. Биздин салтка, наркка туура келбеген, элди жаман жакка алып барган көрүнүштөрдү атайын программа иштеп чыгып, жокко чыгарсак», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button