“Дордой” базарында кошумча салык тейлөө пункттары ачылды

«Дордой» базарынын аймагында ишкерлерге кошумча ыңгайлуулук түзүү максатында салык кызматынын 8 бөлүмү иштей баштады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле кардарлар менен иштөө үчүн инспекторлор дайындалган.
Эми ишкерлер «Дордой» соода жана оюн-зоок комплексинин патенттерин төлөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот:
— «Дордой Базары» ЖЧКсынын базар администрациясы, борбордук кире бериште;
— «Дордой базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы (мечиттин жанында);
— «Алкан Базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы;
— «Дордой Азия» ЖЧКсынын базар администрациясы (Жунхай), 2-кабат, 207-кабинет;
— «Форт Оберон» ЖЧКсынын базар администрациясы, 2-кабинет;
— «Альмаматр» ЖЧКсы (Кербен), 24-катар, профсоюздук кеңсе;
— «Долон-Дордой» ЖЧКсынын («Дордой автотетиктери») базарынын администрациясы, 2-кабат;
— «Ак-Суу» ЖЧКсы, профсоюздук кеңсе, Ак-Суу базарынын администрациясынын жанында.
Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр шилтемеаркылуу катталып, «Жеке кабинетке» кире алышат.



