Коом

«Бишкекасфальтсервис» Транспорт департаментине өттү

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калаанын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын карамагына өттү. Тиешелүү токтомго шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Документте мындай чечим Бишкек шаарынын мэриясынын жол куруу жана оңдоо тармагындагы ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы айтылат.

Токтомдо «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жетекчиси эми муниципалитеттин башчысына, анын тармакты жетектеген орун басарына, Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директоруна жана директордун орун басарына отчет бере тургандыгы белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button