ВИДЕО: Каракол шаарында «Парковка» рейди өтүүдө
Каракол шаарында 7-июнь күнүнөн баштап, мыйзамдын талаптарына баш ийбеген айдоочуларды аныктоо жана жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын алдын алуу максатында «Парковка» рейди өтүп жатат. Бул рейд 10-июнь күнүнө чейин улана, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.
Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору тарабынан, бир күндүн ичинде эле, жол кыймылынын эрежелерин бузган 17 айдоочу аныкталып, алар транспорт каражаттарын токтотуу жана токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган.
Аларга карата протоколдор түзүлүп, ар бир айдоочуга 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
«Шаардыктар жана шаардын меймандары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын этибарга албай жатышканы өкүндүрөт. Унаасын жолдун кесилиштеринде калтырып кетүү, алардын көбү үчүн көнүмүш адатка айланды. Мындан тышкары, айрым тартипсиз айдоочулар автоунааларын жөө жүрүчү жолдордо, башка токтотуга уруксат берилбеген жерлерде калтырып, «тыгындарды» жаратып, ал тургай жолдордо жол кырсыгын жаратуучу абалдарды түзүшүүдө», — деп белгилешти Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору.
Рейд учурунда жол кыймылынын инспекторлору профилактикалык аӊгемешүүлөрдү жүргүзүп, кичи автобустардын жана жеңил унаалардын айдоочуларына жол эрежесин сактоо боюнча кайрылуу жасам кетишти.
Бул профилактикалык иш-чара шаардын бардык аймактарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы.




