Кыргызстанда килем чыгат. Инвестициялык келишимге кол коюлду

КРнын Экономика жана соода министрлигинин өкүлдөрү Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Орион Гранд” ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге кол коюу аземине катышты.
КР Экономика министрлигинен билдиришкендей, келишимде заманбап килем чыгаруучу ишкана түзүү боюнча долбоорду каржылоо каралган. Буга чейин килем толугу менен сырттан алынып келгендиктен, бул Кыргыз Республикасындагы биринчи долбоор.
Долбоор жергиликтүү килем өндүрүшүн түзүүгө, жарым-жартылай импортту алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Долбоордун жалпы баасы 3 миллион 200 миң долларды түзүп, анын 1 миллионун Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду берет.
Өндүрүш Кыргызстандын ички рыногуна гана эмес, Өзбекстанга, Тажикстанга, Азербайжанга жана башка өлкөлөргө экспорттоого багытталат.



