Мыйзамсыз балык уулоого жаза күчөтүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда мыйзамсыз балык уулоого каршы жазаны катаалдатуу сунушталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда айтылат.
Документте учурдагы жаза чаралары жетишсиз экени белгиленип, көпчүлүк учурларда мыйзамсыз балык уулагандар жеңил айып менен кутулуп кетип жатканы айтылат. Бул көрүнүш жаратылышка олуттуу зыян келтирүүдө.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык:
— Мыйзамсыз балык уулагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынып же 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн;
— Эгерде жаратылышка оор зыян келтирилсе — 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынып, мүлкү конфискацияланып, 2 жылдан 5 жылга чейин абакка кесилет;
— Өзгөчө ири зыян келтирилген учурда — 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.
Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мыйзамсыз балык уулоого 20 миңден 50 миң сомго чейин гана айып салынат.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул чаралар жаратылыш ресурстарын коргоо жана мыйзам бузуулардын санын азайтуу максатында сунушталып жатканын билдиришти.



