Коом
Милиция Бишкекте дрон менен жылаңач кыздарды видеого тартып жүргөн кишини суракка алды

Буга чейин интернетте Чуйков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочулары мыйзамсыз съемка кылган кишини байкап калганы тууралуу видео тараган. Соцтармак колдонуучулары бул кишини бир нече үйдүн жанынан көрүшкөнүн, бул биринчи учур эмес экенин жазышкан.
Биринчи май райондук милициясы жашоочулар чогулуп арыз жазганын айтты. Арызда 35 жаштагы киши машинага отуруп алып, дрон учуруп кыздар жашаган үйлөрдүн терезелеринен алардын чечинип жүргөндөрүн тарткан.
Шектүү тергөөчүгө келип турат деген милдет менен бошотулду.



