Коом
Билим берүү министрлиги мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады

Бишкекте алты мектепке жаңы жетекчи керек. Алар:
▪️№ 13 жалпы орто билим берүү мектеби
▪️№ 17 жалпы орто билим берүү мектеби
▪️№ 41 жалпы орто билим берүүчү гимназия-мектеби
▪️№ 56 жалпы орто билим берүү мектеби
▪️№ 64 мектеп-гимназиясы
▪️№ 68 жалпы орто билим берүү мектеби
Документтер 15-июлга чейин кабыл алынат. Анда талапкер бир гана мектепке башчы болууга документ жөнөтө алат.
Мындан тышкары, бир мектепти 10 жылдан ашык башкарган адам ошол эле мектепке кайра жетекчи боло албайт.
Министрлик бардык аймак боюнча мектеп директорлорунун бош кызмат орундарынын тизмесин жарыялаган.



