IV Элдик курултайда делегат бош жумуш орундарын бирдиктүү борборго чогултууну сунуштады

IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө Россиядан келген делегат Кубанычбек Осмонбетов мигранттар шарттын жоктугунан мекенине кайтып келе албай жатканын билдирди.
«Кыргызстан өнүгүп жатат деп айтып, мигранттарды мекенине кайтып келип, ушул жерде иштөөгө чакырышат. Бирок кайтып келүүнү каалагандар үчүн бул жерде шарттар жок. Эмгек министрлигинин алдында кыска номер түзүп, өлкөнүн бардык айылдары менен райондорундагы бош жумуш орундарын бирдиктүү борборго чогултууну сунуштайм. Мекендештер чалып, вакансиялар тууралуу маалымат алып, келип иштешмек», — деди ал.
Ошондой эле делегат Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан мигранттар үчүн атайын сунуштарды иштеп чыгууну сунуштап, мекендештердин мекенинде турак жай сатып алуусуна шарт түзүүнү белгиледи.



