Коом

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылганын Биринчи май райондук администрациясы кабарлады.

Маалыматта тыюу 2024-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин киргизилгени айтылат.

Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

«Ала-Тоо» аянты;

Эркиндик проспекти. Темир жолдон Чүй проспектине чейин;

Президенттик администрациянын жана ЖК имаратынын жанында;

Панфилов паркында;

Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;

Жогорку соттун алдында;

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;

УКМК жана ИИМ имараттарынын жанында.

Ар кандай акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button