Окуялар

Чүйдө чучук жана казы-карта сураган архитектура кызматкери жумуштан бошотулду

Чүй облусунун жетекчиси тургундар менен жолугушуу учурунда архитектура башкармалыгынын кызматкери Адыл Усупов үй курууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү аялдан казы- карта жана акча талап кылганы маалым болду.

Аялдын айтымында, ал үй курууга уруксат алуу үчүн мэрияга кайрылган. Узакка созулган макулдашуулардан кийин уруксат берилген, бирок архитектура башкармалыгы менен иш алып баруу этабында процесс токтоп калган.

«Мекеменин кызматкери Адыл Усупов чучук менен казы-карта, андан кийин акча талап кыла баштады. Ал “бир литр”, “эки литр” деген кыйыр сөздөрдү колдонду. Алардын өздөрүнүн жашыруун сөздөрү бар экен», — деди жергиликтүү тургун. Ал ошондой эле азыркыга чейин уруксат ала электигин кошумчалады.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Миирбаев даттанууну уккандан кийин Усуповго кайрылып, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.

«Сен эмне, ачкасыңбы? Уялбайсыңбы? Эгер иликтөө башталса, чоң маселе болот. Ошондуктан арызыңды жазып, жумуштан кет», — деди Элкинбек Миирбаев.

Кийинчерээк Усупов архитектура башкармалыгынын директорунун орун басары экени белгилүү болду. Ал өкүлдүн жүйөлөрүнө макул болуп, жыйын өткөн залдан чыгып кетти.

Тектеш кабарлар

Back to top button