Коом

УКМК: Талас райондук суу чарба башкармалыгында жасалма катталган кызмат адамы аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

Тактап айтканда, КР Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнүн биринин   аскер кызматкери К.А.Ж. Талас Райондук Суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары менен тил табышып алып, 2020-жылдын май айынан тарта  2023-жылдын ноябрына чейин Талас  РСЧБнын кызматкери катары эмгек акыны мыйзамсыз алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирип келген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин  2-бөлүгү “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, Талас РСЧБнын мурдагы жетекчилери А.Д.С., Н.Н.Р. жана башка кызматкерлер тергөө иштерин жүргүзүү үчүн КР УКМКга жеткирилди.

Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

КР УКМК жарандарды мамлекеттик органдардын мыйзамсыз иш-аракеттерин байкаган учурда  бул тууралуу төмөнкү байланыш номурлары  аркылуу маалымдоого чакырат: 0312-66-04-75 анонимдүүлүккө кепилдик берилет!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button