Коом
Бишкек шаарына 120 жаңы автобус качан келет

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Кытайдан Бишкекке 120 автобус алып келүү маселесин талкуулашты.
Кытайда COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында киргизилген чектөө чараларына байланыштуу борбордун мэри чек арадан өтүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.



