Коом

Аскер кызматчылары үчүн турак жайдын курулушу башталды

Кечээ, Куралдуу күчтөрдүн аскер институтунда аскер кызматчылары үчүн кызматтык турак жайдын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Руслан Мукамбетов баштаган жетекчилер жана Бишкек гарнизонунун өздүк курамы катышты.

Аталган турак жай заманбап стандарттарга ылайык курулуп, бардык керектүү шарттар менен камсыздалмакчы.

Курулуш иштери 2026-жылы аяктап, пайдаланууга берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button