Саясат
Жогорку Кеңеш Баткендеги чек ара ызы-чуусун талкуулайт
Жогорку Кеңеш 6-майда түштөн кийин чек ара жаңжалын карайт, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган жетекчилер чакырылды.
Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн маселени эмки аптада кароо тууралуу демилге көтөрүлдү, бирок ал добуш берүүдө колдоо тапкан жок. Ошондой эле айрым депутаттар чек ара маселеси ачык талкууланышы керектигин бидиришти.
Мунун алдында парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча чечимди кабыл алган жана ал 6-майдагы жалпы жыйынга чыгарылары айтылган.



