Окуялар

Ысык-Көлдө мал уурулар тобу кармалды

21-февраль күнү Ысык-Көл РИИБне Тамчы айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар айылдын четиндеги талаадан эки баш бээсин уурдап кеткендиги жөнүндө билдирген.

Арыз райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары эки жергиликтүү тургундар кармалышты. Алар, 34 жаштагы Б.А. жана 27 жаштагы Т.А. болуп чыгышты жана алдын ала суракта күнөлөрүн толугу менен мойнуна алышты.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынан улам, аталган кылмыш тобу өткөн жылдын июль айынан бери, райондун аймагында 6 мал уурулука катыштыгы бар экени жана 3 баш бодо малды, 4 баш жылкы уурдашканы аныкталган.    

Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүүлөргө карата «Үй камагына алуу» баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда, аталган топ тарабынан башка мал уурулук фактыларына тиешестиги бар, же жоктугу текшерилүүдө, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы.    

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button