Кимде сулуулук болсо, ал карызга берилгенин билүүгө тийиш

-Туура жолдо жүргөндөр актанууга муктаж эмес.
— Кээде абалыбызга периштелер да суктанат, кээде шайтандар да жийиркенет.
— Кайгы — адам затты жокчулукка жетелеген жорго ат.
— Кимде сулуулук болсо, ал карызга берилгенин билүүгө тийиш.
— Дуба кылуу — демек, эшикти кагуу. Калганына кийлигишүү чектен ашкандык.
— Көөдөнү сокур адамдын жанында китеп сымал үнсүз бол.
— Иттердин достугу — ортолоруна сөөк ыргытылганга чейин.
— Караңгы адам гүлдүн сулуулугун көрбөй, тикенегине жармашат.
— Сабыр — алгач уу болот, бирок кулк-мүнөзүңө айландырсаң — балга айланат.
— Чыныгы сүйүүнү билген жүрөк — бир тамчы сууга да урмат кылат.
— Көңүлүң сүйүүсүн тапса, куураган талда бүчүр байлайт.
— Кимдир-бирөөдө текебердик болсо, сөз сүйлөгөн сайын пияз жыттанат.
— Китептерди окугандан мурун, өзүбүздү окуганды үйрөнөлү.
— Жалбыраксыз калдым деп сабагыңды кестирбе, эртең эле жаз келет.
— Эй досум! Эмне арманың болбосун — үмүтүң Кудайдан болсун.
— Даттануу — жаман мүнөз. Жакшылар даттанбайт сабыр кылат.
Бекжан Шыгаевдин интернет баракчасынан алынды.


