Коом

Бишкекте автоунааларды туура эмес токтоткондорго каршы күрөшүү үчүн муниципалдык эвакуаторлор сатып алынууда

Мэриянын балансында Кытайдан чыгарылган Shacman X9 үлгүсүндөгү 10 эвакуатор болот. Анын жетөө Кыргызстанга алып келингенин “Жол-транспорттук инфраструктура” ишканасынын башчысы Ренат Султамамытов билдирди. 

Ар бир машина 33,5 миң доллардан (дээрлик 3 млн. сом) сатып алынды. Алар автокөлүктөрдүн эки дөңгөлөгүн көтөрүп сүйрөтөт. Эгер сүйрөөгө ылайыкталбаса, астына дөңгөлөктүү домкрат салып алып кетет. Жол тандабас, кичи автобустарды дагы тартып кетүүгө жөндөмдү.

Бул эвакуаторлордун узундугу 6,4, туурасы 2,3, бийиктиги 2,8 метр. Учурда документтери таризделип жатат. Апрелдин башында калаада иштеп баштайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button