Коом

Токтогулдагы колун чыканагынан ылдый кесип салган ымыркай боюнча дарыгерлер сурак беришти

Токтогулдагы дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай колунан ажыраганы маалым болгон. Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган.

Жалал-Абад ОИИБден окуя боюнча маалымат таратты. Маалыматка караганда, Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну 24-февраль күнү Токтогул райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, ал өз арызында 2023-жылы туулган баласы денесине ар түрдүү нерселер чыгып дене табы көтөрүлгөндүктөн, Токтогул райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын, ал жерде дарыгерлер уулунун колуна туура эмес укол сайышып, анын кесепетинен Бишкек шаарындагы балдар ооруканасында оң колун чыканактан ылдый жагы кесилип, ампутация болгондугун билдирип, Токтогул райондук ооруканада иштеген окуяга тиешеси бар дарыгерлерди мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.

Жогорудагы арыз Токтогул райондук прокуратурасынан Токтогул РИИБге караштуулугу боюнча чечим кабыл алуу учун жиберилген жана 28-февралда Токтогул РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар болгон Токтогул райондук оорукананын дарыгерлери жана медайымдары күбө катары суралып, бейтаптын баяны алынып, 6-март күнү Кыргыз Республикасынын саламатыкты сактоо министрилигинин алдындагы соттук-медициналык экспертиза борборуна соттук-комиссиялык экспертиза дайындалып топтолгон материал жиберилген. Учурда аталган факты боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button