Дүйнө
Путин Садыр Жапаровдун БРИКСтеги билдирүүсүн комментарийледи

Владимир Путин Садыр Жапаровдун БРИКС саммитиндеги заманбап дүйнөдөгү күчтүүнүн укугу тууралуу билдирүүсүн комментарийледи.
Эске салсак, кыргыз президенти “тандалган” өлкөлөр эл аралык мыйзамдарды тоготпой, күчтүү мамлекеттердин укугуна таянып, эл аралык каржы системасын манипуляциялап жатканын билдирген.
«Сиз эл аралык иштерде өнүккөн күчтүүлөрдүн укугу тууралуу айттыңыз. Ал кайсы тараптан болбосун, экономикада, соодада же саясатта колдонулса, бул абсолюттуу адекваттуу жооп реакциясына туш болот. Анан эл аралык укуктун ордуна муштум укугу калыптанып баштайт. БРИКСтин максаты так эл аралык укуктун маанилүүлүгүн жогорулатуу», — деди Путин.



