Бишкекте төрт көпүрө кеңейтилип, айрымдары курулат

Мэрия 7 объектинин курулушуна долбоордук-изилдөө иштерин аткаруу боюнча тендер жарыялады. Алар:
⚫️Жаманбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки Айтматов проспектинин бир бөлүгү оңдолуп, Ала-Арча дарыясы аркылуу өткөн көпүрө кеңейтилет. Буга 2,2 млн сом сарптоо пландалууда
⚫️Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеровдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү реконструкцияланып, Чыгыш Чоң Чүй каналына көпүрө курулат. Бул үчүн 2,7 млн сом коротулмакчы
⚫️Валиханов көчөсүнүн Анкарадан Сухэ-Баторго чейинки бөлүгү Чыгыш Чоң Чүй каналына көпүрө куруу менен оңдолот. Анын баасы – 3,3 млн сом
⚫️Достоевский көчөсүн Ахунбаевден Куланакка чейин оңдоо мерчемделген. Ага 928 миң сом каралууда
⚫️Безымянный көчөсү Түштүк Чоң Чүй каналын бойлой Токомбаевден Байтик баатыр көчөсүнө чейин оңдолот. Буга 2,8 млн сом каралган
@abal-kg



