Коом

Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик ишкананын мурдагы директору кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

2024-жылдын 11-май күнү мамлекеттик ишканалардын бири менен чет өлкөлүк фармацевтикалык компаниянын ортосунда дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу боюнча  1 349 470 АКШ доллары суммасына  келишим түзүлгөн. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон бажы жол-жоболорунан өтпөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармектер алынып келинип, алар кошумча бааны эске алуу менен кийинчерээк саламаттык сактоо уюмдарына сатылган. Чет өлкөлүк компаниядан сатып алынган дары-дармек каражаттарынан алымдар жана жыйымдар түрүндөгү акча каражаттары республикалык бюджеттин  кирешесине түшкөн эмес.

Мындан тышкары,  иш жүзүндө зарылдыгы жок кымбат баалуу онкологиялык препараттар сатылып алынган, алар аудит учурунда бир жылдан ашык кампада болгон. Рак менен ооругандар үчүн сатылган дары-дармектер сапаттуу тастыктамадан жана дарылоого ылайыктуулугун тастыктаган лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөн эмес.

Ошондой эле, мамлекеттик ишкананын мурдагы директору кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган учурлар катталган. Тактап айтканда, А.С. жеке кызыкчылыгы үчүн кампадан кымбат баалуу дары-дармектерди тиешелүү документтери жок алып чыккан. Учурда мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын башка фактылары боюнча да текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Учурда такталган жалпы чыгым 26 848 000 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалын  кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик ишкананын мурдагы директору А.С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button