Коом
УКМК: Балыкчыда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк комплекси жана жер аянты мамлекетке кайтарылды – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторун жана мүлк комплекстерин мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Соода жана материалдык ресурстар министрлигинин Балыкчы күйүүчү май менен камсыздоо ишканасын (азыркы «Минорат» ЖЧК) менчиктештирүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпы аянты 3000 чарчы метр жана аянты 23 миң чарчы метр болгон мүлк комплексине карата текшерүү иштерин жүргүздү.

Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында, мүлк комплекстерине жана жер тилкесине болгон менчик укугу мыйзамсыз экенин түшүнгөн ээси аларды өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып берди.



