Коом

Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияланды

Бүгүн Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт өчүрүү иштерине жалпы 2 бөлүм жана авто шаты тартылган.

Мындан тышкары, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды.

Өрт саат 10:46да чектөөгө алынды, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Турак үйдүн жашоочулары куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button