Коом

Бишкектин ооруканаларына пневмония менен 746 киши жаткырылды. Орун жетпей жатат

Бишкектин ооруканаларына пневмония менен 746 киши жаткырылды.  Бул туурасында  24.kg маалымат агенттигине 1-июлда саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкен.

Абалы оорлору — 217, өтө оорлору — 79 бейтап экени айтылган.

Оорусу жеңил формада өтүп жаткандарды, мурдагы америкалык «Ганси» авиабазасынын территориясына жайгаштырылган «Семетей» обсервациясына жиберип жатышканын айтышкан, министрликтен.   

Андан мурдараак шашлыш жардам көрсөтүү медициналык борборунун башкы врачы Искендер Шаяхметов, оор абалдагы оорулууларга реанимацияларда орун жетпей жатканын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button