Коом
Баткен районунда милиция кызматкерлери айылдарды кыдырышууда

Бүгүн, 8-февраль күнү Баткен РИИБдин А. Шагамурзаев атындагы Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Кыштут айыл аймагынын Чарбак айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда кылмыштуулукту, анын ичинде уурулукту алдын алуу боюнча эскертүүлөр берилди. Андан соң, Чарбак айылынын жашоочуларына кылмыштуулукту алдын алуу максатында даярдалган эскертүү актылары таратылды.
Ушуга эле катар, милиция кызматкерлери мектептерди дагы кыдырышып, окуучулар менен жолугушту. Окуучуларга зордук-зомбулукту, укук бузууларды алдын алуунун жолдорун үйрөтүшүп, милиция кызматкерлери ар дайым жардамга кол сунарын эскертип өтүштү.




