Дүйнө

Индонезиядагы абактан чыккан өрттө 40 киши каза тапты

Индонезиянын абак жайында катталган өрттөн кеминде 40 киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция жана адам укуктары министрлигинин Түрмө департаментинин маалымат катчысы Рик Априант билдиргенин РИА Новости жазды.

Франс-Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, окуядан 41 адам көз жумган. Дагы сегиз адам катуу жабыркап, 72 киши жеңил жаракат алышкан.

Өрт Бантен провинциясында түнкүсүн чыккан. Түрмөдөгүлөр азыркыга чейин эвакуацияланып жатат.

Кырсыктын себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button