Коом

Депутат Ысык-Көлдө скутер айдоого тыюу салууну сунуштады

Депутат Элдар Сулайманов Ысык-Көлдө акыркы жылдары жайкы туристтик мезгил скутерлердин айынан ар кандай кырсыктар жана адам өлүмү менен коштолуп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитети Ысык-Көлдүн аймагында скутер колдонууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун кароодо.

«Скутерлер дагы экологияга терс таасирин тийгизет. Андан аккан күйүүчү май көл суусуна түшүшү деле мүмкүн. Анын үстүнө көл үстүндө узак убакыт болуу менен скутерлер эс алуучуларга коркунучтуу жагдай түзүшөт», — деген депутат мындан улам Ысык-Көлдүн аймагында рекреациялык же спорттук максатта скутерлерди колдонууга айыппул киргизүү сунушталып жатканын айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button