Спорт
АФК «Дордой» клубуна 20 миң доллар айып пул салды

Азия футбол конфедерациясы (АФК) кыргызстандык «Дордой» футбол клубуна 20 миң доллар өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Маалыматка караганда, айып пул 2026/27-жылкы АФКнын Челлендж лигасынын тандоо раундунда сириялык «Хомс Аль-Фидиа СК» клубуна каршы 11-августта өткөн беттештин алдында стадиондогу медициналык бөлмөнү уюштуруу жана жабдуу талаптары сакталбаганы үчүн салынган.
АФКнын чечимине ылайык, клуб белгиленген мөөнөттө медициналык бөлмөнү толук уюштуруп, керектүү жабдуулар менен камсыздаган эмес.Айып пул чечим тууралуу билдирүү алынган күндөн тартып 30 күндүн ичинде төлөнүшү керек.



