Коом
Кыймылсыз мүлккө салык төлөй тургандар көбөйүшү ыктымал

Парламентте Салык кодексине өзгөртүүлөр каралып жатканда депутат Данияр Төлөнов кыймылсыз мүлккө салык мындан ары аянты 120 чарчы метрден жогору болгон үйлөргө дагы төлөнөрүн билдирди.
Анын айтымында, учурда батирлердин аянты 80, жеке үйлөр 150 чарчы метрден жогору болсо кыймылсыз мүлккө салык төлөп келишет.
Эл өкүлү мунун себебин сураганда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов өлкөдөгү үйлөрдүн орточо аянты 122 чарчы метр экени аныкталганын айтты.



