Коом

ИИМдин кызматкерлери Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун полициянысынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрүштү

2022-жылдын 24-февралында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин өкүлдөрүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын ИИМинин кызматкерлеринин он-лайн жыйыны болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Олжобек Кеңешбек уулу эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн, КЭР СУАР Коомдук коопсуздук департаментинин достук мамилесин белгиледи.

Ошону менен бирге, Олжобек Кеңешбек уулу Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине оргтехника түрүндө материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин өкүлү Ван Мин Ды Кытай менен Кыргызстандын чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылгандыгы жана мындан ары тыгыз кызматташууга умтулгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда. Тараптар укук коргоо ведомстволорунун учурдагы эки тараптуу кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалашып, аны мындан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти, — деп атылат ИИМдин Басма сөз кызматы айткан маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button