Спорт

Азия чемпионатында Ырыскелди Максатбек уулу коло медалга ээ болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Ырыскелди Максатбек уулу Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Спортчу 77 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште Тажикстандык Муслихиддин Уроков 8:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Түркмөнстандын балбаны Хаким Гурбанмурадовду 10:2 эсебинде утту.

Жарым финалдык беттеште ирандык балбанга жеңилген. Үчүнчү орун үчүн беттеште тайбэйдин балбанын 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button