Коом
Бишкектин Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык

Бишкектин Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык.
Муниципалитеттен билдиришкендей, кечээ, 29-январдан тарта Асаналиев көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Алтымышев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө канализация коллекторунун курулушу башталган.
«Курулуш иштеринин алкагында диаметри 600 мм канализация түтүктөрүн салуу каралууда. Буга байланыштуу унаа кыймылы токтотулат», — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана борбор калаанын конокторунан кыймылдын альтернативдүү жолдорун алдын ала тандоону өтүнөт.



