Коом

Министрлер кабинетинин төрагасы ӨКМдин 67 кызматкерине алкыш жарыялады

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жарыялаган “Алкыш” баракчасы ыйгарылды.

ӨКМден билдиришкендей, быйыл өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган селдердин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаргандыгы, эл алдында ак ниет эмгеги үчүн аймактардагы куткаруучуларга сыйлыкты ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов тапшырды.

Ошондой эле ал ӨКМдин облус аймактарында сыйланган куткаруучуларды онлайн куттуктап, табигый кырсыктарды жоюуда алардын салымы жогору экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, “Алкыш” баракчасы ӨКМдин 67 кызматкерине берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button