Коом
Жамгыр төгүп, тоолуу райондорго кар жаайт. 17-апрелге карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк жеринде, Талас, Ысык-Көл жергесинин айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Нарында +6…+11, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көлдө +7…+9 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +8…+10, Ошто +11…+13 градуска жетери айтылды.



