Коом
Камчыбек Ташиевдин иши сотко өткөнү айтылды

Башкы прокуратура УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевге карата айыптоо актын бекитти. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Айтымында, Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданган жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөнү, Ташиев менен дагы жети адам айыпталып жатканы маалым болду.
“Иш купуяланган. Демек, сот жабык өтүшү мүмкүн, тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат менен бөлүшүүгө тыюу салынат”, — деди жактоочу Айткулов.



