Окуялар

Бишкекте чак түштө жаранга бычак сайган шектүү кармалды

Бишкекте жаранга бычак сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда милицияга К.В. аттуу жаран кайрылып, аны белгисиз бирөө далысына бычак сайганын билдирген. Жабырлануучу ал күнү саат 13:00дөр чамасында Ж.Пудовкин менен А.Токомбаев көчөсүнүн келишинде жүргөндө ага кол салуу болгон. Жыйынтыгында ал ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) боюнча иш козголгон.

Шектүү катары 41 жаштагы Т.Б. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button