Окуялар

Бишкекте жатаканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкекте жатаканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-январда Биринчи Май районунда жайгашкан жатаканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Коопсуздук чараларынын алкагында окуя болгон жерден жалпысынан 150 студент эвакуацияланган. Өрт кырсыгы саат 23:46да толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоонун аянты болжол менен 380 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар катталган жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button